Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Баткенге жаңы заманбап аэропорт салынып, кийинки жылы өндүрүш ишканалары курулат

19.11.2021 11:59
1070
Садыр Жапаров: Баткенге жаңы заманбап аэропорт салынып, кийинки жылы өндүрүш ишканалары курулат

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров Баткен облусуна тийиштүү актуалдуу маселелер боюнча Баткен облустук медиа борборунун суроолоруна жооп берди.  


- Садыр Нургожоевич, саламатсызбы. 


- Президент С.Жапаров: Саламатчылык.


- Уруксаат берсеңиз, Садыр Нургожоевич алгачкы эле суроом сиздин акыркы чет өлкөлүк сапарыңзыдын бирине байланыштуу. Тактап айтканда, Түркияга болгон сапарыңызда ал жактын бараандуу ишкерлерин Баткен облусуна келип ишканаларды ачкыла деп чакырдыңыз. Эмне үчүн Баткенге? 


- Президент С.Жапаров: Биринчиден, Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, башка облустарга салыштырмалуу сугат жерлери да аз. Жердин көпчүлүк бөлүгү чопо топурак. Анан албетте элдин жашоо шарты начарлап кетип, айрым жарандарыбыз үйлөрүн сатып салып көчүп кетишкен. Ошондуктан кызматка келген биринчи күнүмдө эле Баткен облусуна өзгөчө статус беришибиз керек, - деген тапшырманы бергем. Азыр эми өзгөчө статуска ээ болду. Эми бизнесмендер, жарандар салыктын бир топ түрлөрүнөн бошотулду. 


- Бул Баткен облусу жана Баткен эли үчүн кандай жакшылыктарды алып келет? 

- Президент С.Жапаров: Биринчиден, салыктар жоюлгандан кийин ички жана тышкы инвесторлор өндүрүштүк ишканаларды ача башташат. Курулуштарды курушат. Жаңы, заманбап аэропорт салынат. Кыскасы, Баткен облусу тез убакыттын ичинде өнүгөт. Экинчиден, элдин да тез бутуна туруп кетишине өбөлгө түзүлөт. Кудай буюрса келе жаткан жылы бир топ өндүрүш ишканалары салына баштайт. Азыр пландоо иштери жүрүп жатат. Алар салынып бүтсө иш орундары ачылат. Чек арага жакын жайгашкан жерлерге жаңы айылдарды салып, толук бүткөн инфраструктурасы менен жаштарга бөлүп беребиз. Баткен облусунан көчүп кеткен жарандарыбыз кайрылып келе башташат. Баткен боюнча мына ушундай иштер жүрүп жатат. 


Булак: Баткен медиа борбору

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн