Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 03:30
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту

23.11.2023 09:06
392
Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 22-ноябрда Минск шаарында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки өлкө элдеринин кызыкчылыгында бекемдөөгө даярдыгын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн