Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 23:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Биринчи жолу бюджеттин эсебинен аскердик техника сатып алдык

21.10.2021 16:44
1496
Садыр Жапаров: Биринчи жолу бюджеттин эсебинен аскердик техника сатып алдык

2022-жылы чек арачылардын айлык маянасын жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КР Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу аземинде билдирди.


Президент өз сөзүндө билдиргендей, мамлекет аскер кызматкерлерин татыктуу эмгек акы менен камсыз кылууга милдеттенет. «Сиздердин милдет - жарандарыбыздын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыз кылуу», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.


Эске сала кетсек, зооттолгон аскердик техниканын кырк даанасы КР УКМК Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча сатылып алынды.


Белгилей кетсек, өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу биздин жергиликтүү аймакка ылаыйыкталган жаңы аскердик техника ушунча санда толугу менен бюджеттик каражатка сатылып алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн