Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:02
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Бишкектеги жол киренин көтөрүлүшү боюнча үн катты

28.04.2021 11:58
1127
Садыр Жапаров Бишкектеги жол киренин көтөрүлүшү боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров “Балдар жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде Бишкектеги коомдук транспортторго болгон жол киренин көтөрүлүшү боюнча өз пикирин билдирди.


Президент жол кире калк үчүн өтө жогору болбошу керектигин белгиледи.

“Бишкекте коомдук транспортторго болгон жол кире 2012-жылдан бери өзгөргөн эмес. Шаар мэрине бул маселени коомчулук менен талкуулоо боюнча тапшырма бердим. Эл тарифтин айынан кыйналбашы керек. Пенсия жана жөлөк пулдар да көптөн бери көтөрүлө элек. Бирок көп жылдан бери экономиканы өнүктүрө турган бир дагы завод, фабрикалар курулган эместигин түшүнүшүбүз керек”, - дейт Жапаров.

Мамлекет башчысы жол кирени өзгөртө турганын карап жаткан шаарлардын мэриялары пенсионер, студент жана окуучулар үчүн жеңилдиктер түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн