Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 01:08
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Садыр Жапаров Болот Темировдун кармалышы тууралуу пикирин билдирди

23.01.2022 14:48
1645
Садыр Жапаров Болот Темировдун кармалышы тууралуу пикирин билдирди

Бүгүн, 23-январда президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун кармалышы тууралуу пикирин "Фейсбук" баракчасына жазды.


Анын айтымында, керек болсо оппозициялык журналисттер  иликтөө боюнча текшерүү жүргүзүп келсе болот.


"Мыйзам алкагында жүргүзүлгөн кандай гана кесиптик ишмердүүлүк болбосун, анын ичинде журналисттик ишмердүүлүк дагы, басым-кысымдын тигил же бул түрүнө себеп болбошу керек. Ар бир иш бардык жагдайларды эске алуу менен калыс иликтениши зарыл. Болот Темиров жана башкалардын баңгизат менен кармалгандыгына байланыштуу иштердин адилет тергелишине толук көз салып турам. 

Ошол эле убакта журналисттерден дагы жалпы элдин алдында бирөөнү жөнү жок каралап, айып койгондон алыс болсоңуздар деп суранып кетет элем. Бир нерсе айтардан мурда чын-аныгын тактап алып, жоопкерчиликти сезип, анан чыгарып туруңуздар. 

Камчыбек Кыдыршаевич ушул маалымат жыйынында өзүнө карата каралоонун толук жалган экенин ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериптир. Азыр мамлекеттик ар бир ишкана мурдагыдай жашыруун иштебейт. Баары ачык. “Керек болсо бир нече оппозициялык журналисттен турган комиссия түзүп, текшерип келгиле, биз шарт түзүп берели”,- деп эң туура айткан. Текшергенге толук мүмкүнчүлүгүңөр бар. Бизде баары ачык. Мындан ары журналистсиңби, чиновниксиңби же жөнөкөй жарансыңбы – баарыбызга мыйзам бирдей иштейт",- деп билдирди президент Садыр Жапаров.



Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Замир
Что за такой беспредел. Дакансалар!! Силер орт менен ойноп жатасынар. Эмнеге мындай мелкий кылмыш менен КНБ иштеп жатат, бул именно Ташиев менен Жапаровдун приказы менен козголгон жумуш. Позор, ещё раз позор Дакансалар!!!!!