Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына келди

27.10.2022 11:39
663
Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына келди.


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.


Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн