Кечээ, 19-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Борбор Азия – Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” биринчи саммитинде сөз сүйлөдү.
Ал ар түрдүү тармактарда аймактар аралык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнү сунуштады, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
«Темир жол жана аба жолдорун кошкондо транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүү биздин аймактардын ортосунда товарлардын, капиталдын жана адамдардын кыймылын жеңилдетет. Бул сооданы гана эмес, маданий алмашууну да өнүктүрөт», — деди Кыргызстандын президенти.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров саммитте мамлекет башчыларына аймактардын ичинде визасыз режим аймагын түзүүнү сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн