Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы менен жолугушту

08.06.2023 15:25
338
Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы менен жолугушту


Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга болгон иш сапарынын, Эл аралык Астана форумунун алкагында Босния жана Герцеговинанын Президиумунун төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар жөнүндө баарлашты.

Мамлекет башчылары биргелешкен аракеттер менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүн болоруна ишенимин билдиришти.

Эки өлкөдө тең саясий байланыштарды, экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана туризмди өнүктүрүү үчүн жетиштүү потенциал бар экени белгиленди.

Эки лидер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөлөрүнө сапар менен барууга чакырышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн