Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров ант берүү аземинде сүйлөп жатып, бул жолу элдин жеңиши уурдалбай турганын, ага жол бербесин билдирди.
“Бул жолу элдин жеңиши уурдалбайт. Күнү-түнү иштеп, Сары-Жаз, Камбар-Ата сыяктуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу милдети турат. Президент катары миңдеген мигранттарыбызды өлкөгө кайтарып келүү милдетим деп билем. Ата-бабаларымдай болуп чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган мамлекет башчысы катары болгум келет”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн