Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Садыр Жапаров: Чек араны сүйлөшүп же согушуп чечүү мүмкүн, Кыргызстан сүйлөшүү жолун тандайт

25.11.2022 17:02
326
Садыр Жапаров: Чек араны сүйлөшүп же согушуп чечүү мүмкүн, Кыргызстан сүйлөшүү жолун тандайт

“Чек ара маселелерин чечүүдө Кыргызстан демократиялуу, укуктук мамлекет катары ар дайым тынчтык жолу менен чечүү позициясында бекем туруп келет жана мындан ары дагы дал ушундай позицияны карманат”, - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн биринчи Элдик курултайында сүйлөгөн сөзүндө.


Мамлекет башчысы Кемпир-Абад темасына токтолуп, калктын ар кыл катмары арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи. Кемпир-Абад маселеси боюнча ар бир аракет мамлекеттин кызыкчылыгына багытталгандыгы жергиликтүү элге дагы, республикалык деңгээлдеги аттуу-баштуу адамдарга, чек аранын чечилишине күмөн санаган мекендештерибизге дагы ийне-жибине чейин чечмеленип, түшүндүрүлүп берилди.


“Чек ара маселеси эки жол менен гана чечилет: бири – тынчтык жолу менен сүйлөшүп, тил табышып, алмашуу жолу, экинчиси – согушуп жеңип алуу. Чек араны чечүүдө Кыргызстан демократиялуу, укуктук мамлекет катары ар дайым тынчтык жолу менен чечүү позициясында бекем туруп келет жана мындан ары дагы дал ушундай позицияны карманат.


Ал эми бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап, элдин аялуу сезимине ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоого ниеттенгендердин аракеттери ишке ашкан жок.


Мени эл арасында чек аранын биздин пайдабызга чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, сабаттуу, билимдүү жарандарыбыздын көп экендиги кубандырды!


“Чубактын кунундай” чубалжытпай, дагы канча кагылыштарга себеп кылбай, чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем!” – деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн