Жетинин айы 11, 2025
Убакыт: 08:32
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.075
1.105

Садыр Жапаров Дональд Трамптын чакыруусу менен АКШга иш сапары менен барат

27.10.2025 13:57
70
Садыр Жапаров Дональд Трамптын чакыруусу менен АКШга иш сапары менен барат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында өтчү "Борбор Азия - АКШ" саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма cөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.


"Президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трамптын АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги жолугушуусуна чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алды.


Президенттин администрациясы мамлекет башчысынын АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", - деп белгиледи Алагөзов.


Маалым болгондой, АКШнын Вашингтон шаарында "Борбор Азия - АКШ" саммити (C5+1 форматында) 6-ноябрда өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн