Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 19:54
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Садыр Жапаров Душанбеге иш сапары менен барды

15.09.2021 22:32
883
Садыр Жапаров Душанбеге иш сапары менен барды


Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда иш сапары менен Тажикстан Республикасына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Мамлекет башчысынын учагы Душанбе шаарындагы эл аралык аэропортуна конуп, аны траптан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.


Аэропорттун флагштокторунда мамлекеттик туулар илинген, килемчелер төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилген.


Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ЖККУнун жамаатытк коопсуздук кеңешинин сессиясына жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын отурумуна катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн