Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:39
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров менен Джанни Инфантино жолдоштук беттеш өткөрүштү

06.05.2023 08:03
852
Садыр Жапаров менен Джанни Инфантино  жолдоштук беттеш өткөрүштү

Президент Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино бүгүн Бишкек шаарында жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.


ФИФАнын командасынын курамында Уюмдун түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, анын ичинде 1998-жылдагы дүйнө чемпиону жана Франция курамасынын курамында 2000-жылдагы Европа чемпиону Юрий Джоркаефф да ойноду.


Президенттик команда курамында министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин администрациясынын кызматкерлери ойношту.


Таймаштуу оюндун жыйынтыгында жолдоштук беттеште мамлекет башчысынын командасы жеңишке жетишти.


Оюн аяктагандан кийин Жанни Инфантино Садыр Жапаровго ФИФАнын энчилүү футбол формасын белекке берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн