Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров ЕЭК коллегиясынын төрагасы менен ЕАЭБдеги маселелерди талкуулады

16.12.2021 16:01
739
Садыр Жапаров ЕЭК коллегиясынын төрагасы менен ЕАЭБдеги маселелерди талкуулады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.


Тараптар Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы биргелешкен ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелерин, евразиялык мейкиндиктеги интеграцияны кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Анын ичинде 2022-жылы Кыргыз Республикасы Биримдиктин органдарында төрагалык кыларын эске алуу менен.


«Бүгүн биздин алдыбызда пандемияга чейинки өсүү ыргагына кайтуу жана экономикалык көрсөткүчтөрдүн мындан аркы интенсивдүү өнүгүүсүн камсыздоо тапшырмасы турат. Пандемиянын кесепеттери кирешелердин төмөндөөсү, жумушсуздук, ошондой эле Биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикаларынын ортосундагы ажырымдын чоңойуусу болду.


Бул өңүттөн алганда биз Биримдиктин интеграциялык дараметин жана ар бир мүчө-мамлекеттердин атаандаштыктагы артыкчылыктарын экономикаларыбызды чыңдоо жана алардын шайкеш өнүгүүсү менен жакындоосун камсыз кылуу максатында, интеграциябыздын туруктуу өнүгүүсү үчүн толук кандуу пайдаланышыбыз керек», - деп белгиледи Садыр Жапаров.


Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын 2022-жылы ЕАЭБде боло турган төрагалыгынын алкагында кыргыз тарап Комссиянын бардык сунуштарын карап жана талдап чыгууга даярдыгын белгиледи.


Ал кийинки жылды инвестициялык жана кооперациялык кызматташтыкты чыңдоого, транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө, жаңы келечектүү рынокторго чыгуу менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө арноо маанилүү экенине көңүл бурду. Мындан тышкары, климаттык күн тартибине, жашыл технологияларды киргизүүгө, электрондук коммерция тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле ЕАЭБдин символу боло турган биргелешкен жогорку технологиялык долбоорлорду иштеп чыгууну баштоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.


Өз кезегинде Михаил Мясникович жолугушууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, Комиссиянын артыкчылыктуу тапшырмалары тууралуу маалымат берди.


Ал келе жаткан жыл Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгы алдында Биримдик үчүн гана ийгиликтүү болбостон, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө да маанилүү роль ойнойт деген ишенимин билдирди.


ЕЭК төрагасы үстүбүздөгү жылдын 11 айында өлкөнү өнүктүрүүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасына көңүл буруп, ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара соодасынын жакшы көрсөткүчтөрүн белгиледи, анын ичинде Кыргызстандын дагы - 32,7%.


Тараптар евразиялык интеграциянын алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууну макулдашышты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн