Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 16:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Садыр Жапаров ЕАЭБди өнүктүрүүнүн беш негизги кадамын белгиледи

27.05.2022 17:32
852
Садыр Жапаров ЕАЭБди өнүктүрүүнүн беш негизги кадамын белгиледи

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында ЖЕЭК жыйыны өтүүүдө.


Анда Кыргызстандын президенти сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө биримдиктин алдында жаңы милдеттер турарын белгилеп кетти.


“Биз өзүбүзгө жана бүткүл дүйнөгө биздин интеграция жасалма тоскоолдуктарга карабастан, анын туруктуу прогрессивдүү өнүгүүсүн уланта аларын жана улантууга тийиш экендигин далилдешибиз керек. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү катары биримдиктин ичиндеги мамилелер, бүткүл интеграциялык бирикменин да, анын айрым мүчөлөрүнүн да өнүгүүсү бири-бирин толуктап турганын түшүнөт. Өлкөлөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн терс кесепеттерге алып келген учурдагы глобалдык жана аймактык чакырыктардын шартында биздин бардык аракеттерибиз ушундай кырдаалдарда бири-бирибизди колдоого жана жардам берүүгө багытталышы керек”, - деди Жапаров.


Президент кошумчалагандай, туруктуу өсүш үчүн ички резервдерди табуу керектелет. Зарыл нерселер:

- биринчиден, ички рыноктун тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылуу,

- экинчиден, кызмат көрсөтүү рыногун либералдаштыруу боюнча ишти күчөтүү;

- үчүнчүдөн, жалпы каржы рыногун калыптандырууну аяктоо боюнча иштерди тездетүү;

- төртүнчүдөн, экономиканын бардык тармактарында импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтуу үчүн биздин аймактарда кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу менен өндүрүштү локалдаштырууну тезирээк баштоо керек;

- бешинчиден, транспорттук-логистикалык инфраструктурабызды биргелешип өнүктүрүү керек.


“Биз Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарында айтылган корутундуларды жана сунуштарды толугу менен колдойбуз. Бул сунуштар экономиканын реалдуу секторуна инвестицияларды көбөйтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту жана тышкы чакырыктарга жана тобокелдиктерге каршы турууга, илимий-техникалык жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүүгө, ошондой эле товарларды жылдырууга багытталганын белгилегим келет. Үчүнчү өлкөлөргө экспорт учурдагы татаал тышкы шарттарда бир гана ченемдик укуктук жөнгө салуу жана фискалдык колдоо жана дем берүү инструменттерин гана колдонуу менен жетишүү мүмкүн эмес”, - дейт мамлекет башчы.


Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын 6 жана 7-бөлүмдөрүн ишке ашырууга көңүл буруу маанилүү экенине токтолду.


“2025-жылга карата кызматташтыкты реалдуу өнүктүрүү үчүн аны финансылык жактан стимулдаштыруу, иштеп жаткан финансы институттарынын иштөө принциптерин өзгөртүү, аларга өнүктүрүү институттарынын элементтерин киргизүү, өнүктүрүүнү долбоорлоо жана экономикаларды колдоо структураларын ишке киргизүү. Мындай мамиле биз кабыл алган чечимдерди иш жүзүнө эффективдүү ашырууга жол ачат деп ишенебиз”, - деп белгиледи президент.


 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн