Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялар программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койду

10.05.2022 22:36
473
Садыр Жапаров “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялар программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасында билдирүү калтырып, анда “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койгондугун билдирди.


"Кымбаттуу уландар жана кыздар!


Өлкөбүз билим берүү менен илимдин эң жогорку дүйнөлүк стандарттарына умтулуп жаткан кези. Муну мен биринчилерден болуп жан дилим менен колдоп, бул максатта “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча Жарлыкка кол койдум.


Программада дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн жаштарыбыз үчүн атайын стипендиялар каралды. Стипендияны быйылтадан тартып бере баштабайбыз, азырынча 50 стипендияны бөлүштүрүп туралы деп чечтик. Стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырсаңыздар болот, бирок, албетте, артыкчылык көбүрөөк техникалык жана инженердик багыттарга берилет.


Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө 10 стипендия бөлүнөт. Биз жаш окумуштуу-окутуучуларыбызды өзгөчө колдоого алалы деп жатабыз. Анткени алар студенттердин улам кийинки муунуна өз билимдери менен бөлүшүп турушат.


Президенттик стипендиянын жаңы программасынан сырткары, менин тапшырмам боюнча, азыркы учурда өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу максаттуу келишимдерди иштеп чыгууга киришти. Ал окуу жайларга да биздин студенттер жөнөтүлөт.


Адам ресурстарына инвестиция жасоо – биздин ийгиликтерибиздин башкы ачкычы. Мен бул сөзүмдү кайталагандан эч тажабайм. Жаштар – элдин үмүтү жана ишеничи. Биздин жаштар эң негизги ресурсубуз жана бөксөргүс байлыгыбыз деп билем", - деген президент.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн