Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров: Энергетика тармагында веердик өчүрүүлөр болгон жок

21.01.2023 09:15
312
Садыр Жапаров: Энергетика тармагында веердик өчүрүүлөр болгон жок

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу акыркы кездеги электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү тууралуу маалымат берди.


Президенттин айтымына караганда, электр энергиясында системалуу жана авариялык өчүрүү болбошу үчүн электр жарыгы өчүрүлүп жатат.


"Азыркы учурдагы энергетика тармагында болуп жаткан жагдайлар боюнча түздөн түз маалымат алып жатам, веердик өчүрүүлөр болгон жок, катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулап, электр жабдууларга күч келүүдө.


Ошого байланыштуу, электр жабдыктарды сактоо максатында жана авариялык өчүрүүнүн алдын алуу үчүн электр энергиясын өчүрүүгө аргасыз болууда.


Эгерде электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иштери өз убагында аткарылбаса, бул Кыргызстандын энергетикалык тутумун гана эмес жалпы Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык тутумун системалуу аварияга алып келиши мүмкүн.


(2022-жылдын 25-январындагы системалык авария кайра кайталануу коопсуздугу жаралышы мүмкүн).


Кыскасы ток этер жерин айтсам, эскилиги жетип, жүрбөй калган машинаны капиталдык ондоодон өткөрүп алгандай эле, өкмөт электр жабдуулардын эскилиги жеткендигине карабастан, кесипкөй адистерибиздин күчү менен кышка жакшы даярдык көрүп алганбыз.


Кудай буюрса кыштан жакшы эле чыгабыз.


Анча мынча ыңгайсыздыктарды жараткан болсок жалпы элден кечирим сурайбыз",- деди президент Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн