Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 11:09
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Садыр Жапаров Эрдоган менен жолугушуп, тажик тараптын агрессиясы тууралуу айтты

21.09.2022 10:24
437
Садыр Жапаров Эрдоган менен жолугушуп, тажик тараптын агрессиясы тууралуу айтты



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.  Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашышты.


Президент Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун баса белгиледи.


Садыр Жапаров тажик тараптан түзүлгөн кырдаал карапайым калк арасында орду толгус жоготууларга алып келгенине, аскер кызматкерлеринин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтиргенине көңүл бурду.


Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго адамдар курман болгонуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.


Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн