Президент Садыр Жапаров Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Режеп Тайип Эрдогандан "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды тууралуу сурады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев АКИпресске билдирди.
Эрбол Султанбаевдин айтымында, Эрдоган ФЕТОнун өкүлдөрү тууралуу уккусу да келбейт.
"Эрдоган анын ким экенин билбейт. Ал тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин жана ФЕТО кыймылынын өкүлдөрү тууралуу уккусу да келбей турганын билдирди",- деди маалымат катчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн