Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Эскертип коёюн, 2023-жылдан тарта Ысык-Көлдөгү пансионаттар саркынды сууларды тазалоочу жайлары болбосо иштебейт

27.04.2022 16:00
1357
Садыр Жапаров: Эскертип коёюн, 2023-жылдан тарта Ысык-Көлдөгү пансионаттар саркынды сууларды тазалоочу жайлары болбосо иштебейт

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрадан Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча түшүндүрмө берди. 


"Кечээ дагы бир Жарлыкка кол койдум. 

Алдын ала эскертип коёюн, 2023-жылдын 1-январынан тартып, Ысык-Көлдүн айлана-тегерегиндеги пансионаттардын, эс алуучу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу жайлары (очистное сооружение) жок болсо, алардын иштөөсүнө тыюу салынат. 

Ошондуктан быйылкы сезондо тапкан каражатыңарга дароо саркынды суу тазалоочу жайларды салгыла! 

Бир топ пансионаттардын ээлери уюшуп, бир эле саркынды суу тазалоочу жай салып, анан туташтырып кошуп алсаңар туура болот деп ойлойм. 

Бул боюнча Мамкурулушка тапшырма бердим, уюштуруп берет",- деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн