Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:28
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Садыр Жапаров Гиннес рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаковду кабыл алды

01.12.2022 19:54
737
Садыр Жапаров Гиннес рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаковду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, «Манас» эпосун 124 саат бою тынбай айткан үчүн Гиннесстин рекорддор китебине кирген манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу да катышты.


Мамлекет башчысы манасчыны Гиннесстин рекорддор китебине кириши менен куттуктап, манасчынын өнөрү - кыргыз элинин руханий турмушуна, элдик каада-салттарга жана Кыргызстандын жаратман өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салым экенин белгиледи.


Президент руханий-адептик тарбиясыз жакшы, билимдүү, дени сак муундарды тарбиялоо мүмкүн эместигин, ошондуктан манасчылык өнөр өсүп келе жаткан муун үчүн агартуучулук мааниге ээ экенин өзгөчө белгиледи.


Садыр Жапаров мамлекет чыгармачыл интеллигенциянын актуалдуу маселелерин тез арада чечүүгө аракеттерди көрүп жатканын, тактап айтканда, келерки жылы жаңыланган «Манас айылы» этнографиялык комплексинде жаңыланган миң орундуу «Манас» театры ишке кирерин эске салды, муну менен бардык манасчылардын башын бириктирип, бул өнөрдү жайылтууга болот.


Мамлекет башчысы «Манас» эпосунун кыргыз эли үчүн маанисин эске алуу менен, жаңыланган «Манас айылы» комплекси элдин этносунун, анын көп кылымдык тарыхынын, маданиятынын жана каада-салтынын, келечек муундарга тарыхты сактоонун символу болорун белгиледи.


Өз кезегинде манасчы Рысбай Исаков Мамлекет башчыга чыгармачылыктын бул түрүн колдоп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаров менен жакынкы келечектеги пландары, тактап айтканда, “Манас” театрынын алдында манасчылар мектебин ачуу ниети менен бөлүштү, ал жерден эл ичинен белгилүү манасчылар чыкмакчы.


Рысбай Исаков кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурасын сактоонун маанилүүлүгүн, «Манас» эпосу ал мурастын жаркын образы экендигин баса белгиледи.


Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров манасчы Рысбай Исаковго “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үч томдугун тапшырып, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн