Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Горький паркында каалаганча митинг өткөргүлө, бирок элчиликтерди тынч койгула

02.04.2022 04:29
628
Садыр Жапаров: Горький паркында каалаганча митинг өткөргүлө, бирок элчиликтерди тынч койгула

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Украиндагы кырдаалга байланыштуу элчиликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскертти.


"Урматтуу кыргызстандыктар! 

Мага жеткен маалыматтар боюнча кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир. 

Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот. 

Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок. Албетте биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикиринерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес. 

Бир гана сураныч. 

Элчиликтерди тынч койңуздарчы",- деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн