Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаров ИИМ, УКМК жана прокуратураны соттордун ишине кийлигишпөөнү эскертти

04.03.2022 11:15
458
Садыр Жапаров ИИМ, УКМК жана прокуратураны соттордун ишине кийлигишпөөнү эскертти

Бүгүн, 4-мартта, Бишкекте Кыргызстандын судьяларынын XII курултайында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.


Анын айтымында, жылдан жылга сотторго кайрылган жарандар көбөйүп, каралган иштердин саны өсүүдө.



“Бул көрүнүш адамдар сотко барып, өздөрүнүн бузулган укуктарын сот аркылуу коргоп жатышат дегенди билдирет. Ошол себептен, жалпы кыргыз элине кайрылгым келип турат: кимибиз болбойлу, мамлекеттик кызматкерби, укук коргоочубу же болбосо жөнөкөй жаранбы - бардыгыбыз укуктук маданиятыбызды жогорулаталы. Кандай гана талаш болбосун, аны жалаң укуктук талаада гана чечүүнү, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечимдерди сыйлаганды үйрөнөлү. Ошондой эле Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылам: соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү иштерди өткөрүү практикаңарды токтоткула. Бул менин сиздерге катуу эскертүүм болсун”, - деде президент.


Жапаров ар ким өз иши менен гана алек болушу керектигин айтып, судьялар кызматтык милдеттерин укук ченемдерин сактоо менен аткарса, анда судьяларга кысым көрсөтүүнүн кажети жок болуп каларын маалымдады.


“Сотторго кысым көрсөткөндүн ордуна, алардын ишине болгон кийлигишүүлөргө ар тараптан бөгөт коюп, андай көрүнүштөрдү түп тамырынан бери жоюп, басым-кысым фактылары боюнча ыкчам иликтөөлөрдү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартсаңар, ошондо сиздер мыйзамдуулуктун сакталышына жана өлкөнүн чыныгы укуктук мамлекет катары чыңдалышына зор салымыңарды кошкон болосуңар”, - деп айтат ал.


 

  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн