Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:35
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров Индияга элчи болуп дайындалган Бешимовду көбүрөөк инвестиция тартуу боюнча иштөөнү тапшырды

24.02.2023 13:46
260
Садыр Жапаров Индияга элчи болуп дайындалган Бешимовду көбүрөөк инвестиция тартуу боюнча иштөөнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жаңы дайындалган Кыргызстандын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекет башчысы бир катар конкреттүү милдеттерди коюп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жакшы саясий диалог түзүлгөнүн жана кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин белгиледи.


Садыр Жапаров Индия - экономикасы өнүккөн өлкө жана түрдүү продукцияларды сатуу рыногу чоң, андыктан эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маанилүү экенин баса белгиледи.


Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда потенциалдуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн эске алуу менен элчиге аларды өлкөгө тартуу боюнча дайыма активдүү иш алып барууну тапшырды.


Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов Мамлекет башчысына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле индиялык тарап менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бул кызматтагы пландары тууралуу маалымат берди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн