Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 01:31:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Садыр Жапаров Ирандын президентин Ислам революциясынын жеңиш күнү менен куттуктады

11.02.2021 17:34
631
Садыр Жапаров Ирандын президентин Ислам революциясынын жеңиш күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Руханини Ислам революциясынын жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

"Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташууга өзгөчө маани берет. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер биздин элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн мындан ары дагы бекемделет деп ишенемин, — деп белгиленет куттуктоодо.

Садыр Жапаров Хасан Руханиге бекем ден соолук жана жооптуу ишинде ийгиликтерди, ал эми Иран элине бакубатчылык жана өнүгүүнү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн