Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Ысырапкорчулукту жоюуда чиновниктер элге үлгү болушу керек

28.12.2022 16:44
395
Садыр Жапаров: Ысырапкорчулукту жоюуда чиновниктер элге үлгү болушу керек

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.


Жыйындын жүрүшүндө президент ысырапкорчулукту жоюуну жогору жактан баштоону тапшырды.


"Ысырапкорчулук боюнча биринчи элден талап кылаардан мурда, ушул жерде отурган биздин Администрацияда иштеген, министрликтерде, облус, район, айыл өкмөттөрдө иштеген чиновниктер өздөрү үлгү болуусу керек. 


Бизде той десе эле 500 адамды, 1000 адамды чакырып алып, дүңгүрөтө той беребиз. Анан бир-бирин көрүп, ошол карапайым калк чөнтөгүндө акчасы жок болсо дагы, намыс үчүн деп той берип, силерди ээрчип кетип жатат. 


Ошол себептүү биз биринчи кезекте аларга үлгү болушубуз керек. 

Ошондуктан ысырапкорчулук боюнча дыкат иш алып барыңыздар, көзөмөлгө алыңыздар ар бириңиздер. Сөз жүзүндө айтып коюп, бирок иш жүзүндө кылбай коюу эң жоопкерчиликсиз иш. Ошондуктан ар бириңиздер үлгү болуңуздар биринчи кезекте",- деп белгиледи президент Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн