Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 16:06
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Садыр Жапаров Ислам Каримовдун Самарканддагы күмбөзүнө гүл койду

14.09.2022 23:47
878
Садыр Жапаров Ислам Каримовдун Самарканддагы күмбөзүнө гүл койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын биринчи Президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Садыр Жапаров Самарканд шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынына катышуу үчүн келип, Ислам Каримовдун күмбөзү жайгашкан “Хазрати Хизр” комплексине барды. 


Мамлекет башчысы Өзбекстандын биринчи Президентинин мүрзөсүнө гүл коюп, куран окулду.


Хазрат Хизр мечити ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Самарканддагы уникалдуу байыркы эстелик болуп саналат. 2016-жылы мечиттин жанына Ислам Каримовдун сөөгү коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн