Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:58
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жыйынына катышууда

28.12.2021 17:42
1231
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жыйынына катышууда



Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет башчыларынын Санкт-Петербург шаарында Б. Ельцин атындагы Президенттик китепканада өтуп жаткан салттуу бейформал жолугушуусуна катышууда. 


Иш-чара башталардын алдында Шериктештик лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү.


Бейформал саммитке Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн