Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 12:48
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Садыр Жапаров Камбоджанын Премьер-министрин өлкөнүн Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен куттуктады

04.11.2022 18:36
456
Садыр Жапаров Камбоджанын Премьер-министрин өлкөнүн Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Камбоджа Королдугунун Премьер-министри Хун Сенди өлкөнүн Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


«Камбоджа Королдугунун улуттук майрамы — Көз карандысыздыгын калыбына келтирүү күнү менен Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм.


Биргелешкен аракеттерибиз менен эки өлкөнүн ортосундагы зор потенциалга ээ болгон мамилелер саясий өз ара ишенимдин жана урматтоонун алкагында мындан ары да чыңдала берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.


Садыр Жапаров Хун Сенге ийгилик, чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми дос Камбоджа элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн