Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Көл ГЭСинин ачылыш аземине катышууда.
Кара-Көл ГЭСинин курулушу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, аймакка туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү, ошондой эле улуттук экономикабызды чыңдоо максатында ишке ашырылып жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагындагы чоң жетишкендиктердин бири болуп эсептелет.
2023-жылы Энергетика министрлиги инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны министрлер кабинети жактырып, бекитип берген. Анын алкагында ошол эле жылдын сентябрь айында аталган ГЭСтин курулушу башталган.
Макулдашууга ылайык, курулуш иштери графиктен 5 айга эрте бүткөрүлдү. Негизи “Кара-Көл” ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн