Теке 03, 2024
Убакыт: 03:08
USD
86.10
87.00
EUR
92.20
93.20
RUB
0.960
1.010

Садыр Жапаров Катардын Эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

04.05.2021 11:06
1138
Садыр Жапаров Катардын Эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-катар эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана аны бардык чөйрөдө өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык айдыңдагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмирине кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эмирди жана Катар элин алдыдагы Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Абдикерим Бакиров
АЛЛАХЫМ Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоодо Катар элинин ибадаттарын кабыл кыла көр