Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:46
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Садыр Жапаров Катардын Улуттук олимпиада комитетинин президентин кабыл алды

28.04.2025 16:55
24
Садыр Жапаров Катардын Улуттук олимпиада комитетинин президентин кабыл алды


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде, Катарды Улуттук олимпиада комитетинин президенти Жоан бин Хамад Аль Танини кабыл алды.


Жолугушууда спорт тармагындагы кыргыз-катар кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде олимпиадалык кыймылды илгерилетүү жана спорттук инфраструктураны чыңдоо маселелери талкууланды.


Садыр Жапаров Катар мамлекети ири спорттук иш-чараларды өткөрүүдө эбегейсиз тажрыйба топтогонун жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө жана ири объектилерди курууда чоң ийгиликтерге жетишкенин канааттануу менен белгиледи.


Мамлекет башчы Кыргызстанда олимпиадалык бассейн, бокс академиясы жана Улуттук олимпиада комитетинин жаңы имараты сыяктуу заманбап спорттук объектилерди куруу үчүн Катардын тажрыйбасын жана инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. 


Катар Улуттук олимпиада комитетинин президенти Жоан бин Хамад Аль Тани өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлык билдирип, эки өлкөнүн спорттук байланыштарын чыңдоого багытталган сунуштарды кароого даяр экенин белгиледи.


Өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнүн алкагында катар тарап Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептерде сууда сүзүүнү өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну да сунуштады.


Жолугушуунун соңунда тараптар спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү Кыргызстан менен Катардын ортосундагы достук мамилени чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн