Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Садыр Жапаров Казак парламентинин төрагасы менен жолугушту

02.03.2021 20:34
641
Садыр Жапаров Казак парламентинин төрагасы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Мамлекеттер аралык, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлиндеги мамилелерди активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.


Казакстан Парламентинин Мажилис Төрагасы Нурлан Нигматулин Садыр Жапаровдун мамлекеттик иш сапары өзгөчө учурда — Кыргызстан менен Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгында өтүп жатканын белгиледи.


Бул жылдар аралыгында эки өлкөнүн эли жанаша жашап, жаш мамлекеттердин жолундагы бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгышканын, буга кылымдарды карыткан достук жана ынак коңшулук мамилелер себеп болгонун канааттануу менен баса белгиледи.


Нурлан Нигматулин Кыргызстан Казакстандын бул чөлкөмдөгү негизги өнөктөшү экендигин кошумчалады.


Казакстан кыргыз эли менен салттуу боордоштук мамилелерди өнүктүрүү багытын уланта берерин, эки тараптуу кызматташууну жана өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтип-тереңдетүү ниетинде экенин өзгөчө белгиледи.


«Өлкөлөрдүн ортосунда эч кандай саясий келишпестиктер жок, эки тараптуу мамилелер ырааттуу өнүгүүдө. Мында Кыргызстан менен өз ара алакалардын өзгөчө маанисин ар дайым баса белгилеп келген Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин эмгеги зор. Өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаев дагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет», — деп баса белгиледи Нурлан Нигматулин.


Казакстан Парламентинин Мажилис Төрагасы Садыр Жапаровго Кыргызстан элинин жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүүгө багытталган өлкөдөгү саясий реформаларды жүргүзүүгө ийгиликтерди каалады.


Президент Садыр Жапаров боордош Казакстан элин парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктап, бул иш-чараны өлкөнүн ички саясатындагы эң маанилүү окуялардын бири деп атады.


Шайлоонун жыйынтыгы Казакстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элдин турмушунун жакшырышына чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.


Ошондой эле, Садыр Жапаров Нурлан Нигматулинди Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилис Төрагасы кызматына бир добуштан шайланышы менен куттуктап, анын мындан аркы жооптуу ишине ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчысы парламенттер аралык кызматташуунун алкагында Казакстан менен өз ара байланыштарды өркүндөтүүгө кызыкдар экендигине токтолду.


«Кыргызстан менен Казакстандын эли илгертен бери туугандык, достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактап келишкен. Биздин элдер ата-бабаларыбыздан бери келаткан каада-салттар менен баалуулуктарды туу тутуп, мындан ары өркүндөтүшү керек деп эсептейм», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.


Жолугушуунун соңунда Нурлан Нигматулин чакан экскурсия кылып, Мажилистин имаратын көрсөтүп чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн