Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Садыр Жапаров Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды

06.11.2023 15:21
225
Садыр Жапаров Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды


Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Өз кезегинде Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев мамлекет башчысына белорус тарап менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча белгиленген пландар тууралуу айтып берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн