Баш оона 04, 2025
Убакыт: 14:44
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.085
1.110

Садыр Жапаров Кыргызстандын Санарип кодексине кол койду

04.08.2025 11:00
9
Садыр Жапаров Кыргызстандын Санарип кодексине кол койду


Президент Садыр Жапаров КР Санарип кодексине кол койду.


Санарип кодекси 2025-жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Санарип кодекси санарип мейкиндикте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын санарип экономикасын өнүктүрүү үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүү, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу максатында кабыл алынган.


Алсак, Санарип кодекси менен төмөнкүлөр каралган:


1) санарип чөйрөсүндө укуктук жөнгө салуунун негиздери;

2) санарип чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу жоболор;

3) санарип чөйрөсүндө атайын жөнгө салуу тууралуу жоболор;

4) санарип чөйрөсүндөгү субъекттердин өз ара аракеттенүү тартиби;

5) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин субъекттери жана объекттери тууралуу жоболор;

6) санарип чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин пайда болушунун, өзгөрүшүнүн, токтотулушунун негиздери;

7) санарип дайындарын иштеп чыгуу, жеке дайындарын иштеп чыгуу тартиби;

8) санарип сервистер, телекоммуникациялык сервистер, санариптик технологиялык тутумдар тууралуу жоболор;

9) телекоммуникациялык тарамдар тууралуу жоболор;

10) санариптик технологиялык тутумдардын ээлеринин өз ара жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби;

11) жасалма интеллект тутумдары тууралуу жоболор;

12) санарип чөйрөсүндөгү мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу тартиби ж.б.


Санарип кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн