Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кумтөр менен Камбар-Ата-1ден кем эмес киреше берет. Бул тууралуу Садыр Жапаров Токтогул районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.
"Азыр технка-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып жатат. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол дагы үч-төрт жылда бүтүп калат. ул дагы ушул "Камбар-Ата-1", "Кумтөр" экөө бере турган кирешеден кем эмес, 200 млн доллар киреше берет", — деген ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн