Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Кытайдагы адам өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты

06.09.2022 08:18
724
Садыр Жапаров Кытайдагы адам өмүрүн алган жер титирөөгө байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Сычуань провинциясындагы жер титирөөнүн кесепетинен адам курмандыктары болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

"Кытай Эл Республикасынын Сычуань провинциясында жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болгону жана жаракат алганы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм.

Ушул оор мезгилде биз орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз",- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн