Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президент бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, иш сапар коронавирус боюнча абал турукташканда уюштурулат.
"Кытай Эл Республикасы менен болгон мамиле ырааттуу түрдө өнүгүп келе жатат. Мен КЭРдин төрагасы Си Цзинь Пин менен саясий диалогдорду уюштуруп келем.
Коронавирус боюнча абал турукташканда иш сапарым менен Кытайга барам",- деди президент.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн