Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат

24.02.2022 16:51
2707
Садыр Жапаров: Колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат

Бүгүн, 24-февралда президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. 


Анда жаназада мал союуга тыюу салынат.


"Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн ушундай Жарлык чыгаруу чечимин кабыл алдым. Бул Жарлыкка ылайык, кыргызстандыктардын баарына: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат. 

Илгертеден бери жалпыбызга белгилүү болуп келгендей, өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет. Жыйынтыгында азыр дагы колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет. 

Ошондуктан, кимибиз болбойлу - баарыбызга эреже бирдей болуп, жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырам. Антпесек өлүм чыккан үйдө аза күтүүнүн ордуна казан-казан эт кайнап, табак-табак эт тартылып, той сыяктуу көрүнүштөр болуп жатканы бүгүн да болуп жатат. 

Ооба, бул Жарлыкка каршы чыккандар дагы болду. «Маслен, эмне үчүн менин атам 90го чыгып, акыркы сапарга кетип жатса, бир жылкы союп узатпашым керек» дегендер чыкты. Бирок мындай жарандарыбыз азчылыкты гана түзөрүнө ишенем. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. 


Өзүмдүн башымдан өткөн бир мисалды айта кетейин. 2019-жылы тун уулум Дастан каза болгондо айылдан бир туугандарым чалып, «үч бодо даярдадык, жетеби» деп сурашты. Мен «кереги жок, тоок дагы сойбойсуңар» деп, эч нерсе сойдурбай койдум. Алар «алыстан көп киши келет, ачка кетиребизби, сөз кылышат, сөзгө калабыз» деп, мени ынандырганга аракет кылышты. «Сөз кылса, мени сөз кылышсын, мен той берип жаткан жокмун, мен аза күтүп жатам» деп караманча каршы болдум. Жыйынтыгында он миңдей адам келип, топурак салып кетишти. Эч ким эч кандай сөз деле кылган жок. Тескерисинче, “ушул туура эле болот экен” деп кеткендер көпчүлүктү түздү. 


Ошондуктан, бардык кыргызстандыктардан суранат элем, колдоп бериңиздер. Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Ал эми бул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам. Жергиликтүү бийликтер: мектептин директорлорунан баштап, участкалык милициялар, айыл өкмөт, райондук мекемелердин жетекчилери, райондун акими, Президенттин өкүлүнө чейин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алышыңарды талап кылам жана ар бириңер жооп берериңерди эскертем",- деди президент.



Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Жаныбек
Же туура чечим...Тойго да чектоо керек созсуз турдо...Той кыргызды онолтпой калдыго...
Ибраимова элнура
Эн туура мен чын дилимден колдойм коросунор бей бечара Элим кыйналбай жашайт ошондо .Бул жарлык элге ото чон пайда алып келет коросунор аз да болсо кыйналбай жашап калышат бирок ушул жарлыка конул койуп текшеруу керек таштап койбой
Толкунбек
Бул чечим жон эле карапайым калкка иштебесе копосторго иштебейт, ким козомолдойт кандай жоопко тартасынар эгерде жарлыкка баш ийбесе
Болотуан
Даагы бир өтүнүч. Күйөөсү өлсө айылын кошо комуш керек, Москвада жүрсө алып келип кошо комуш керек, эки, үч катыны болсо баарын кошо комуш керек. Ошондо айылдар чет жакка саналбайт и эркектин өлүму аз болот и көбүрөөк жашайт, ынтымак да болот семяда.
Зейнеп
Менин ойум да ушундай туура бир олук комгонго коп акча королот тууган урук менен комулот анан кыркы ашына кридит алып комгон бар коруп журобуз эн туура динде бар сизге Аллах ыразы болсун ага элда бутуна турат эле мамлекетке карапайым элдин жардамы ушул болуш керек эле рахмат ага сизге