Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаев Рыскелди Жусупович Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Дүйшөбаев Кеңешбек Асанбекович Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулганы маалымдалган. Ал ушул жылдын 15-октябрында экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган болчу.
Жаңы дайындалган катчы Рыскелди Мусаев 1960-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Ал коопсуздук кызматынын генерал-майору. 1982-жылы Донецк инженердик байланыш аскерлеринин жогорку аскердик-саясий окуу жайын бүтүргөн.
1982–1983-жылдары Россиянын Гусиноозерск шаарында Забайкальск аскер округунда рота командиринин орун басары, 1983–1993-жылы Германияда жана Россия Федерациясында аскердик бөлүктөрдө жооптуу кызматта, 1993–2002-жылы КР Коргоо министрлигинде, КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде чек ара аскерлерин жетектөөчү кызматкер, 2011-жылдан КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлер башчысынын 1-орун басары кызматтарын аркалаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн