Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү

04.04.2022 18:35
823
Садыр Жапаров: Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү

Кумтөр толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү. Бул тууралуу түз эфирде кыргыз элине кайрылуу учурунда билдирди.


Анын айтымында, бүгүн Centerra Gold Inc. компаниясы менен тынчтык келишимине кол койдук.


"Бүгүн кыргыз элинин эң негизги байлыгы болгон Кумтөр алтын кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү. Бул биздин эгемендик тарыхыбыздагы эң чоң жетишкендик десем адашпайм.

Улутубуздун кызыкчылыгы үчүн Кумтөр боюнча маселе толук Кыргызстандын пайдасына чечилди.


Тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз. Биздин пайдабызга чечилип жатат. Кумтөр жана андан башка 30дан ашуун алтын кен чыккан бош жаткан жерлерибиз бар. Бардыгын мамлекеттин менчиги катары өзүбүз иштетебиз деп, "Көчмөндөр мурасы" аттуу холдинг түзгөнбүз, ошол кендердин бардыгын өзүбүз ачабыз. Кумтөр сыяктуу алтын кендерди өзүбүз иштеткен үчүн, ишенген үчүн айлык акыларды көтөрүп жатабыз",- деди президент.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мырза меркибаев
Жапаров Азаматсын колдоибуз