Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Садыр Жапаровдун Курманкул Зулушевди убактылуу кызматтан четтеткени мыйзамга каршы келбейт

06.06.2022 16:02
661
Садыр Жапаровдун Курманкул Зулушевди убактылуу кызматтан четтеткени мыйзамга каршы келбейт

КР президенти Садыр Жапаров тергөө учурунда башкы прокурор Курманкул Зулушевди убактылуу кызматтан четтеткен. Кийин Зулушев президенттин ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш экенин белгилеген.


“Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени, өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш”, - деген Зулушев. 


КР экс-спикери Зайнидин Курманов белгилегендей, эгерде норма так жазылбаса, анда кырдаал эки түрдүү чечмелениши мүмкүн, ошондуктан президенттин чечими ишке ашат. Бул учурдагы абалда мамлекет башчысына өз алдынча чечим чыгаруу укугун берет. Эксперт мыйзамда тыюу салынбагандын бардыгына жол берилерин белгилейт.


“Учурдагы практиканын негизинде мыйзамдагы боштукту толтуруп, кемчиликти жойгон мыйзам долбоорун киргизиш керек. Болбосо тарых кайталанышы мүмкүн. Бул эч кандай ашыкча көйгөй жаралбашы үчүн зарыл”, - деди Курманов.


Булак: "Кабар"


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн