Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров: Мамлекеттик карызыбыз көп болбогондо, айлыктарды миң долларга көтөрсөк болмок

18.02.2022 21:57
856
Садыр Жапаров: Мамлекеттик карызыбыз көп болбогондо, айлыктарды миң долларга көтөрсөк болмок

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда 1-апрелден тарта эмгек акылар жогорулай тургандыгын жазган.


«Урматтуу кыргызстандыктар!


Эгемендик алгандан бери топтолгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакын болуптур.


Эми аны кайра кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат. Эч маселе жок, толук төлөп беребиз.


Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук.


Динамика көрсөтүп тургандай, үстүбүздөгү жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумманы – 350 миллион доллар төлөйбүз.


Андан кийин төлөм кайра ылдыйлап олтуруп, 2030-жылдар менен төлөп бүтөбүз.


Менин айтайын дегеним, ушул акча каражаттарын эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарды көтөрүүгө колдонсок, ар бир мамлекеттик кызматкер жок эле дегенде миң доллар эмгек акы алып иштеп калмак экен. 1-апрелден баштап эмгек акыларды көтөрөбүз, бирок албетте, миң долларга жеткире албайбыз. Казынабызга жараша максималдуу түрдө көтөргөнгө аракет кылабыз».

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Русланбек Кулубаев Табылдыевич
СИЗДИ колдойбуз мекен учун жанымда берууго даярмын сизге жолугуп менде кырк казык гес ти кайра иштетуу боюнча идея бар элее бул гес мурда иштеген экен ошону иштетип мамлекетке кайтарып берсем деген ойюум бар эле озум карапайым эле уй булодо туулгам мага эчтемкенин кереги жок болгону гести иштетип мамлекетке кайтарып берсем деген эле тилегим бар болгону