Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров: Мен Шакиевден өлкөнүн желегин өзгөртүү демилгесин көтөрүүнү сурандым

16.12.2023 19:41
653
Садыр Жапаров: Мен Шакиевден өлкөнүн желегин өзгөртүү демилгесин көтөрүүнү сурандым


Бүгүн, 16-декабрда президенттин катышуусунда II Элдик курултай болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров ар бир делегаттын суроо, кайрылууларына жооп берип жатып, желекти өзгөртүү демилгеси боюнча дагы өз пикирин айтып өттү.


"Кыргызстандын символу болгон желекти өзгөртүү менин компитенцияма кирбейт, ошондуктан төрага Нурланбек Шакиевден мен сурандым. Мындан ары төраганы урушпай, мени урушкула. Мен Шакиевден авторлору чакырып, күндүн нурун бир аз түздөп, түндүктүн чамгарагын үч эмес, төрт кылып өзгөртүп койбойсуңарбы деп сунуштадым. 


Мындан тышкары, "көпчүлүк паспортторду, номерлерди алмаштырууга аябай көп чыгым болот" деп жатышат. Мен айтып кетейин, бир тыйын да чыгым болбойт. Эски паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин иштей берет, жаңы алгандар гана өзгөрүү менен алышат. Биз дүйнөнүн 19 өлкөсүнө бул жаңы паспортубуз, ал эми эскиси мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу деп билдирүү жөнөтөбүз. Унаалардын номерлери деле ушундай. Желектер чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүбүздө, министрликтерибизде гана өзгөртүп койсок болот. Аны мен деле маянамдан өзгөртүп берейинчи", - деди президент өз сөзүндө.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өттү. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн