Мен мигрант болуп үй-бүлө багуу кандай экенин жакшы билем. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал мигранттардын абалын жакшыртуу үчүн бир канча тапшырма берген.
"Бүгүнкү биздин көптөгөн жарандарыбыз үй-бүлөлөрүн багуу үчүн чет өлкөлөрдө эмгектенүүгө муктаж болууда.
Мен чет өлкөлөргө болгон сапарларымда мигранттар менен жолугушуп, алардын көйгөйүн чечүү үчүн тиешелүү тапшырмаларды бергенмин. Азыркы учурда чет өлкөдө иштеген жарандар консулдуктардан паспортторду алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү",- деди президент.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн