Чын курандын 14, 2025
Убакыт: 00:57
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышат (видео)

26.10.2020 14:48
707
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышат (видео)


Премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал Кочкор районуна болгон иш сапарында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди. 

Анын айтымында, ал шайлоого катышуу үчүн декабрь айынын башында президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырат. 

"Мен катардагы жаран катары президенттик шайлоого барам. Эгерде өтсөм ажо болом, өтпөсөм силердин катарыңардагы жаран катары калам", - деди Садыр Жапаров. 

Буга чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун датасын 2021-жылдын 10-январына белгилеген.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн