Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Монголиянын жаңы президентин куттуктады

25.06.2021 17:21
1043
Садыр Жапаров Монголиянын жаңы президентин куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухту Монголиянын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.


“Сиздин бай тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз монгол элинен чексиз колдоо таап, дүйнөлүк коомчулуктун татыктуу сыйлоосуна жана урматына ээ болдуңуз. Сиз терең билимиңиз жана саясий тажрыйбаңыз менен Монголиянын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө өз салымыңызды кошосуз деп терең ишенем.


Кыргыз-монгол эки тараптуу байланыштарын тереңдетүү үчүн бизде бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Кыргыз Республикасы Монголия менен достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар деп баса белгилейм”, - деп айтылат куттуктоо-телеграммасында.


Президент Садыр Жапаров Ухнаагийн Хурэлсухка чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми ынак достук мамиледеги Монголия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн