Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:43
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Москва шаарына иш сапары менен барды (фото)

07.05.2023 16:59
391
Садыр Жапаров Москва шаарына иш сапары менен барды (фото)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, расмий сапар менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди.


Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.


Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.


Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.


Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.


Эске салсак, расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн