Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына барды

22.09.2023 09:03
314
Садыр Жапаров Нью-Йорк фондулук биржасына барды


Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Уолл-Стритте жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барды.

Бул капиталдаштыруу боюнча Америка Кошмо Штаттарындагы жана дүйнөдөгү эң ири фондулук биржа.

Нью-Йорк фондулук биржасынын вице-президенти Джон Таттл сооданы жеңилдетүү үчүн колдонулган, төрт соода залдарынан турган NYSE соода аянты жөнүндө, ошондой эле анын тарыхы, түзүмү жана ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып берди.

Нью-Йорк фондулук биржасынын кеңсесинде жүргөндө Мамлекет башчысы биржанын иш процесси менен таанышууга жана тооруктун жүрүшүн байкоого мүмкүнчүлүгү болду.

Ошондой эле таанышуу учурунда Президент Садыр Жапаров NYSEнин ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн