Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:54
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров Орхан Инанды боюнча үн катты

06.07.2021 17:33
1271
Садыр Жапаров Орхан Инанды боюнча үн катты


Президент Садыр Жапаров Түркиянын чалгындоо кызматы тарабынан уурдалып кеткен Орхан Инанды тууралуу үн катты. Бул тууралуу ал 24.кг агенттигине берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, расмий бийлик Инандыны кайтарып алуу боюнча чара көрөт.


"Орхан Инанды жоголгон күнү эле мен укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып, тез арада аны табууну тапшырганмын.


Бүгүн мына Түркияда экендиги белгилүү болду. Маалымат чыгары менен Тышкы иштер министрлигине элчи менен сүйлөшүп, ага нааразылык нотасын берүүнү тапшырдым.


Биз бул маселени түрк тарап менен талкуулайбыз. Алар Орхан Инанды түрк жараны экендигин жана жарандыктан чыкпаганын айтып жатышат. Дагы расмий маалыматты күтүп жатабыз",- деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн